Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кɵз карандысыздыгынын майрамын утурлай шаардын Ат-Башы тарабынан кире беришиндеги «Нарын шаары» кɵрсɵткүч белгиси сырдалып, акталып, айлана-чɵйрɵсү ирээтке келтирилди.
Бул иш Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүзɵгɵ ашырылып, Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери демилгелеген коомдук жайларды ирээтке келтирүү максатындагы «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясынын алкагында жасалды.