НАРЫН ШААРЫ КАНТИП ТҮПТѲЛГѲН…

Нарын шаары — Нарын облусунун административдик, саясий-экономикалык, өнөр жай жана маданий борбору жана Кыргызстандагы чакан шаарлардын бири. Шаар тоолордун толтосунда, Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Нарын шаарынын аймагында тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашап келгендиги жөнүндө тарыхый булактарда эскерилет.

Тарыхый мааламыттарга таянсак, 1860-жылдары Нарын шаарынын негизги түзүлүшү майда соодагерлердин, ат такалачу усталардын, манты жана нан бышырган наабайчылардын жер үйлөрдү салуусунан башталган. Бул жерде башка жердегидей кыргын-сүргүн жок, жол ортосу болгондуктан кедей-кембагалдар үчүн ыңгайлуу эле. Алар өздөрүн эркин сезишчү. Кабар жеке эле Кыргызстандын аймагы эмес, Наманган, Анжиян тарабындагы өзбектин көпөстөрүнө дагы жеткен. Буга чейин азыркы Нарын шаарынын көпүрөсү жок болчу. Көпөс байлар кедейлерди жалдап иштетүү менен узун жана чымыр карагайлардан кыйдырып келишкен. Аларды улаштырып, атчан киши өтүүгө ылайыкташтырып, көпүрө тургузушкан.

Бара-бара мындай ɵӊүттүү жер падыша ɵкмɵтүнɵ чейин угулуп, ал жактын амири менен 1867-жылы жайында Теңир-Тоого полковник Полторацкий кайрадан аскердик жүрүш жасайт. Ушул жүрүштө Кара-Кужурдан тартып, Ак-Сай, Чатыр-Көлгө чейинки аймакта 5-6 миң түтүн эли менен көчүп-конуп жүргөн Үмөтаалы орус бийлигине аргасыз багынып берген. Ал эми Осмон Тайлак уулу багынып берүүдөн баш тартып, Чыгыш Түркстанга өтүп кеткен. Орусиянын бийлиги полковник Полторацкийдин жүрүшүнөн соң Ички Теңир-Тоого биротоло орногон. Генерал-губернатор А.Колпаковский башында турган орус аскерлери азыркы Нарын шаарындагы №2025 чек ара аскер бөлүгү орун алган жерге жайгашып, 1868-жылы Куртка чебинин ордуна Нарын аскер чеби (казарма), аскердик лазарет (бейтапкана) курулган. Ошондой эле, Нарын суусуна падыша өкмөтү тарабынан көпүрө салынып, кайтарууга алынган. Нарын аскер чебинин, Нарын аскер бейтапканасынын ачылыш салтанаттарына, кадырлуу бийлер башында турган кыргыздар катышкан экен.

Ошентип 1868-жылы түптɵлгɵн Нарын шаары бир жарым кылымдык мезгил мерчеминде кɵп кырдуу тарыхый жолду басып ɵткɵнү анык.

Мезгилдин ɵтүшү менен чептин жанына элдер отурукташып, чакан айыл пайда болгон. Алар соода-сатык жана мал чарбачылыгы менен алектенип отуруп, жыйынтыгында Нарын шаарынын пайдубалын түптɵшкɵн. Акырындык менен Нарын дарыясынын жээгине алгачкы турак-жайлар түшүп, калктуу конуштар пайда болгон.

1888-1890-жылдары Шаркыратма суусунун айланасында 70ке жакын жалпак, чатырланган 3 там болгону тууралуу маалымат бар.

1939-жылы Нарын шаарына Нарын облусунун борбору статусу берилип, буга чейин планы жок түзүлүп келген шаарчанын негизги план-схемасы иштелип чыккан. Шаар чакан аймактарга бɵлүнүп, жаӊы типтеги турак үйлɵр, дүкɵндɵр, мекеме-уюмдар, ɵндүрүш ишканалары, ооруканалар салынган.

2004-жылга чейин Нарын шаары облустун гана эмес Тянь-Шань районунун да борбору катары эсептелип, административдик башкаруусу мамлекеттик функцияны аткарган.

Ал эми 2004-жылы Нарын шаарына мыйзамдын негизинде облустук маанидеги шаар статусу ыйгарылган. Ошондон тартып шаарга ɵз алдынча башкаруу укугу берилип, бул жылдар аралыгында замандын талаптарына ылайык калктын жашоо шартынын жакшырышына, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгɵ, шаарды социалдык-экономикалык ɵнүктүрүүгɵ аракеттер кɵрүлүп, Нарын шаарынын азыркы келбети жаралып олтурат.

Нарын шаары жыл ɵткɵн сайын жаӊыланып, социалдык жана экономикалык жактан туруктуу ɵнүгүп келе жатат.

Жаӊы имараттар, кɵп кабаттуу үйлɵр курулуп, элибиз эс алуучу сейил бактар кɵбɵйүп, жолдор оӊдолуп, социалдык-маданий обьектилердин заманбап курулуштары бүткɵрүлүп, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу багытындагы бир катар долбоорлор ишке ашууда.

Бүгүнкү күнү Нарын шаарында 40 миӊге чукул калк жашайт.

Шаарда Борбордук Азия университетинин пайда болушу калаабыздын келечекте эл аралык деӊгээлдеги билим жана маданият очогу болуп калаарынан кабар берет.

Нарын шаары Россиянын Челябинск шаары, Түркиянын Анкара шаарынын Этимесгут району жана Кастамону шаарлары менен тыгыз кызматташат.

Көпчүлүк масштабдуу иш-чаралар Нарын шаарында уюштурулганы менен калаанын өздүк майрамы өткөрүлүп келген эмес. Бул кенемтени толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан колдоо көрсөтүлүп, 2012-жылдын 18-декабрындагы Нарын облустук коллегиясынын атайын чечими менен ар жылы 17-сентябрда Нарын шаарынын күнү белгиленип келүүдɵ.

Туулган кунун кут болсун, нарктуу эли бар кутмандуу НАРЫН ШААРЫМ!!!

Share

Добавить комментарий