Нарын шаары облустук маанидеги макамын алганына 10 жыл толду

28-октябрда Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин уюшулгандыгынын 10 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Салтанат Нарын шаардык мэриясынын жана Кеӊешинин уюшулгандыгын, турукташын, ɵнүгүшүн жана жетишкендиктерин чагылдырган видео тасма менен башталды. Андан кийин Нарын шаарынын мэри Р.Адиев иш чараны ачып берип, ɵз куттуктоосун жолдоп, 10 жыл ичинде шаар башында тургандар ɵз заманынын шарттарына жана талаптарына ылайык иш алып барып, шаардын социалдык – экономикалык ɵнүгүшүнɵ, калктын жашоо турмушунун жакшырышына тийиштүү салымдарын кошуп келишип, Нарын шаарынын  азыркы келбети жаралып отурганын баса белгиледи.  Мындан сырткары, шаар башына жаӊыдан шайланган мэр, алдыдагы облусубуздун  борбор  калаасынын  инфраструктурасын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, ири долбоорлор менен иш алып баруу, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, шаарыбызды өнүктүрүү, көркүнө чыгаруу жана башка ишке ашыра турган бир катар милдеттер бар экенин айтты.

Ошондой эле жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун ɵкүлчүлүктүү органы болгон – Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Э.Турсуналиев сɵз алып, ɵзүнүн маалыматында он жыл аралыгында шаарда жашаган калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдɵ шаардык Кеӊештин депутаттары  менен биргеликте бир катар аткарылып келген иштер туурасында токтолду.

Иш чарага кадырлуу мейман катары келишкен КР ЖКнын депутаттары К.Самаков, Э.Исаков, М.Тиленчиева, ɵкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов, экс-мэрлер, экс-тɵрагалар чыгып сүйлɵшүп, шаардын мурункусу жана бүгүнкү күнкүсүндɵ салыштырмалуу бир топ ɵзгɵрүүлɵр бар экенин белгилешти.

Майрамдык жыйындын жүрүшүндɵ мэриянын жана шаардык Кеӊештин кызматкерлерине Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн, КР Кадр кызматынын, КР Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин сыйлыктары тапшырылып, андан соӊ концерттик программа тартууланды.

1 2 3 4 5

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий