Бүгүн 13-мартта Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен Россия-Кыргыз ɵнүктүрүү Фондунун ишмердүүлүгү боюнча жолугушуу болуп ɵттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Россия-Кыргыз ɵнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын тɵрагасы Эркин Асрандиев, облустагы райондук администрация башчыларынын жана Нарын шаарынын мэринин орун басарлары, ишкерлер катышты.
Иш чарада ар бир райондон Россия-Кыргыз ɵнүктүрүү Фондунун жеӊилдетилген каржылык колдоосуна муктаж ишкердик долбоорлор сунушталды.
Нарын шаарынан ЖЧК «Арашан» минералдык газдалган суу чыгаруу ишканасын реконструкциялоо; «Шамшы-Ата» сүттү кайра иштетүү цехин кеӊейтүү; ЖЧК «Нарын-Эт» эт азыктарын чыгаруу ишканасын реконструкциялоо долбоорлору шаардын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров тарабынан презентацияланды.
Долбоорлор колдоо тапса кошумча жумуш орундары түзүлүп, шаардын экономикасы жогорулап, калкка кызмат кɵрсɵтүү жакшыртылмакчы.
Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.