РТС ЧӨЛКӨМҮНҮН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУ ИШТЕРИ БАШТАЛАТ

 

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров РТС чөлкөмүнүн “Керме тоо”, “Ак өргө” көчөлөрүнүн   жашоочулары менен жолугушуп, аймактын инраструктурасын жакшыртуу үчүн иштер жакынкы күндөрү башталаарын билдирди.  Ал белгилегендей аймактын айланасы тосулуп, балдар ойноочу жай катары уюштурулуп, көчөттөр тигилип, ички көчөлөр жарыктандырылат.

Бүгүнкү күнү,  бул чөлкөмдө топурактан кирпич  куюп сатып каражат тапкан тургундар  тарабынан түшүрүлгөн топурактар жана алардын калдыктары аймактын көркүн бузууда. Кирпич куюуу  учурунда жер кыртышы да оюлуп, аң чөнөктөр пайда болгон.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушкан шаар мэри жакынкы күндөрү бул аймакты түздөп ирээтке келтирип, балдар ойноочу жай уюштурулаарын айтып, тийиштүү мекемелерге  тазалоо , туздөө  иштерин жүргүзүү  тапшырмасын берип, тургундарга топурактарды 10 күндүн ичинде алууну эскертти.

Ошондой эле мэр Н. Молдокадыров өткөн жылы асфальттанган  Саман Сур ата көчөсүнө барып жасалган жолдун сапатын көрдү.

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий