Келе жаткан Нооруз майрамынын урматына карата Нарын шаарынын мектептеринде жана балдар бакчаларында майрамдык иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө. Алардын бири бүгүн, 17-мартта Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы мектебинде “Салам сага санжыралуу Нооруз” аталышта өттү.
Анда аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары кыз узатуу, баланы бешикке салуу кааада-салттарын чагылдырып берип, жогорку класстын окуучулары кызыктуу “Сармерден” кыз-жигит таймашын көрсөтүштү. Ал эми иш-чаранын максаты — унутта калып бара жаткан улуттук каада-салттар менен оюндарды келечек муунга таанытуу экендиги айтылды.
Бул майрамга карата атайын эки боз үй тигилип, анын ичи улуттук колоритте кооздолуп, жасалгаланган. Иш чарага Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова, мектеп, балдар бакчаларынын ɵкүлдɵрү, ата-энелер, массалык маалымат каражаттар жана башка чакырылган меймандар катышышты.