Санитардык кыркуу

Нарын шаарында Ленин, С.Орозбак жана Чаначев  кɵчɵлɵрүнүн боюнда ɵскɵн бак-дарактарды санитардык кыркуу иштери башталды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жɵɵ адамдарга, жол белгилерине, жол чырактарына жана аба чубалгыларына жолтоо болуп ɵскɵн, шамал болгондо кулап калуу коркунучун жараткан бак-дарактарды тегиздɵɵ, бутоо жумуштары жүрүп жаткан аймакты шаардын биринчи вице-мэри А.Суранов кыдырды.

Анда шаарды көркүнө келтирүүгө багытталган мындай иш чаралар  жаз алды менен башталып, шаардык жашылдандыруу мекемесине азыртадан эстеликтерди, парктарды ирээтке келтирүү жагы тапшырылды.Белгилей кетсек, санитардык кыркуу иштери Нарын облустук айлана-чɵрɵнү коргоо башкармалыгынын уруксат кагазынын негизинде жүргүзүлүүдɵ.

IMG_9515 IMG_9519 IMG_9521 IMG_9524

Share

Mairambek

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий