ТИРИЧИЛИК-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ.

Бүгүн Нарын шаардык мэриясында Тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлүп, алдыӊкы кызматкерлер сыйланды.  

Түйшүктүү кесип ээлерин куттуктаган Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов тиричилик жана коммуналдык чарба кызматкерлери бар үчүн шаар калкы таза, жылуу, таза суу ичип, бардык ыӊгайлуу шарттар менен камсыздалып жатканын баса белгилеп, аларды жергиликтүү бийлик бардык учурда колдоого алаарын, учурда ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо аракеттери кɵрүлүп жатканын билдирди. Ѳзгɵчɵ кышындагы суу түтүктɵрүндɵ болгон аварияда жалпылап күнү-түнү эмгектенип, бир жарым суткада элди суу менен камсыз кылган кызматкерлерге алкыш айтты. Ошондой эле быйыл кесиптик майрамга карата ишканалар арасында спорттук мелдеш ɵткɵрүлгɵнү жакшы саамалык болгонун белгилɵɵ менен кесип ээлерине жакшы тилектерди жолдоду.

Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов да коммуналдык чарба тармагында эмгектенген ар бир ишкананын кызматкерлеринин ɵтɵ жооптуу жана түйшүктүү эмгегин баса белгилеп, аларга ийгилик каалады.

Иш чарада шаар калкын тейлеген «Таза Нарын», Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы, Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмеси жана «Суу канал» ишканаларына жергиликтүү бийлик тарабынан 5 миӊ сомдон майрамдык сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле аталган ишканалардагы эмгек алдыӊкылары Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин «Ардак грамоталары» жана миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн, аталган ишканалардын администрацияларынын «Ардак грамоталары» да бул күнү ээлерин тапты.

Салтанаттуу иш чарада Тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлери ортосундагы спорттук мелдештин жыйынтыгы да чыгарылды.

Белгилей кетсек, эки күнгɵ созулуп, спорттун беш түрү боюнча ɵткɵрүлгɵн достук мелдешинде биринчиликти Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмеси, экинчи орунду «Суу-канал», үчүнчү орунду «Таза Нарын» жана тɵртүнчү орунду Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү ишканалары камсыздап, шаардын ɵтмɵ кубогу, тиешелүү даражадагы дипломдор, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Кесип күнгɵ арналган иш чара Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлеринин концерттик программаксы менен коштолду.

Иш чараны уюштуруп, ɵткɵрүүгɵ жергиликтүү бюджеттен 32 миӊ сом бɵлүнүп берилди. Ошондой эле спорттук иш чаранын байге фондуна Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 9 миӊ сом жана катышкан ар бир команда 5 миӊ сомдон каражат жумшашты.IMG_8018 IMG_8021 IMG_8047 IMG_8041 IMG_8029 IMG_8026 IMG_8024 IMG_8053 IMG_8056 IMG_8062 IMG_8066 IMG_8087 IMG_8095 IMG_8099 IMG_8103 IMG_8111 IMG_8118 IMG_8121 IMG_8122 IMG_8124 IMG_8128

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Н 

  

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий