Бугунку Нарын шаары…
Ѳзүӊүздɵр күбɵ болгондой, кийинки мезгилде Нарын шаарына республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, эл аралык уюмдардын, жеке ишкерлердин материалдык колдоосу менен бир катар ири социалдык обьектилер, кɵп кабаттуу турак-жайлар, соода жана тейлɵɵ комплекстери курулуп, парктар, гүлбактар жасалып, жолдор оӊдолуп, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу багытында аракеттер кɵрүлүүдɵ. Бир сɵз менен айтканда шаарыбыз ɵнүгүү жолунда. Албетте кол жетпеген кɵйгɵйлүү маселелер жок эмес. Бирок аларды чечүү максатында конкреттүү пландар бар. Буюрса жыйынтыгын келечек кɵрсɵтɵт деген ойдобуз. Анда эмесе бүгүнкү Нарын шаары тууралуу сүрɵттɵр сүйлɵсүн…