ТУРМУШ ТИРИЧИЛИК КАЛДЫКТАРЫН СОРТТОП ЧЫГАРУУ ТАЖРЫЙБАСЫ СЫНАЛА БАШТАДЫ

 

Нарын шаарында турмуш тиричилик калдыктарын тазалоо бирден бир негизги көйгөй болуп келет. Мындан улам Нарын шаардык мэриясы  Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте таштандыны иргеп чыгаруу жана аны кайра иштетүү максатын көздөгөн чакан долбоорду баштап, сынай баштады.

Пилоттук долбоор Нарын шаарынын Арал чөлкөмүндө башталып 3 түскө боелгон 9 челек мерчемделген 3 жерге жайгаштырылды.

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жана НМУнун ректору Эрмек Байбагышов менен аталган чөлкөмдүн тургундары менен жолугушуп, долбоорду колдоп, турмуш тиричилик калдыктарын иргеп  салууну түшүндүрүү менен муну менен бир катар жетишкендиктерге жетүү пландары менен бөлүшүштү.

Өз кезегинде жергиликтүү жашоочулар  ишти колго алышаарын белгилеп, таштандыны иргеп чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий