Нарын шаарына эки күнгө Түштүк Кореядан келген ишкерлер шаардын жылытуу системаларына колдоо көрсөтүү максатында бул тармак менен кенен таанышып чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Корея ишкерлери жылытуу от казандарынын абалдары менен таанышып, бул тармактын көпчүлүгүндө эски техникалар орун алып, алардын күчү аз экендигине күбө болушту.
Ошону менен бирге ар бир жабдууну сүрөткө тартып, алардын белгилерин, кубаттуулугун көчүрүп жана башка маалыматтарды чогултуп жатышты.