УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ЖАНА ООРУКТУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЫЙ ТАМАК УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн, 9-май Жеңиш майрамын майрамдоо иш чарасынын алкагында Нарын шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун катышуучуларына Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов тарабынан сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анын жүрүшүндө шаар башчысы майрамдын урматына карата ардагерлерге 5 миң сомдон жана оруктун катышуучуларына 2 миң сомдон жылына бир жолу берилүүчү  жөлөкпулдарды жана атайын даярдалган белектерди тапшырып, жылуу каалоо тилектерин жолдоду.

Мындан сырткары Нарын шаарындагы согуштун эки ардагери Т.Токтомушев жана К.Абдиев “Айкөл Аян” коомдук фондунун “Кылымдын Баатыры Алтын Жылдыз” төш белгилери менен сыйланышты.

IMG_6965 IMG_6966 IMG_6967 IMG_6968 IMG_6969 IMG_6970 IMG_6971 IMG_6972 IMG-20170509-WA0000 IMG-20170509-WA0001У

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий