1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнɵ карата Нарын шаарындагы «Алма бак», «Смарт» жана Р. Ѳмүрзакова атындагы парктарда Нарын шаардык мэриясы тарабынан балдарга арналган оюн-зоок программалары тартууланат.
Аталган парктарда майрамдык иш чаралар саат 10. 00дɵ башталып, бул күнү бɵбɵктɵргɵ шаардагы балдар бакчалардын тарбиялануучулары жагымдуу ыр-бийлерди арнашат. Кино жайда кино, мультфильмдер кɵрсɵтүлүп, бардык парктарда аттракциондор иштейт.
Таланттуу бɵбɵктɵр балдар арасында уюштурулган «асфальтта сүрɵт тартуу» сынагына катыша алышат.
Үй-бүлɵнүн бактысы, ɵлкɵбүздүн келечеги болгон бɵбɵктɵрүбүздүн майрамына кош келиӊиздер!!!
Нарын шаардык мэриясы.