КУЛАКТАНДЫРУУ! Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Нарын шаарынын калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, тазалоо, кɵрктɵндүрүү боюнча, Нарын шаардык мэриясы тарабынан, жарыяланган үч айлыктын алкагында, 2016-жылдын апрель жана май айларынын ар бир аптасынын жума жана ишемби күндɵрү жалпы шаардык ишембилик ɵткɵрүлɵт. Андыктан, баарыӊыздарды шаардын таза жана кɵрктүү болушуна кайдыгер карабастан, ɵз үйүӊүздүн, соода-сатык жайларынын сыртын актап, сырдап, короо-жайыӊыздарды, жашаган жериӊиздердин  айланасын, арыктарды  тазалоого активдүү катышып, шаарыбызды таза сактоого жигердүү салымыӊыздарды кошууга чакырабыз.    Нарын шаардык мэриясы

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Добавить комментарий