Нарын шаарынын калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу жана тазалоо максатында, 2015-жылдын 28-29-октябрь күндɵрү жалпы шаардык ишембилик ɵткɵрүлɵт.
Андыктан, баарыӊыздарды шаардын таза жана кɵрктүү болушуна кайдыгер карабастан, шаардын кɵчɵлɵрүн, ɵз үйүӊүздүн, соода-сатык жайларынын, короо-жайыӊыздын, жашаган жериӊиздин айланасын, арыктарды тазалоого активдүү катышып, шаарыбызды таза сактоого жигердүү салымыӊыздарды кошууга чакырабыз.