Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

          Азыркы кезде таштандыларды чыгарып кетүү кызматынын тарифи бир адамга 8 сомду түзөт. Бул баа Нарын шаардык Кеңеши тарабынан 2012-жылы бекитилген. Бүгүнкү күндө Нарын шаардык мэриясы, шаардын беш чөлкөмүндө жашаган элдер менен жолугушуу өткөрүп, коомдук угууга катышкан элдер таза суу менен таштандынын тарифин көтөрүү боюнча сунушту колдоп беришти.

Алты жыл мурда бекитилген тарифтер менен иш алып баруу жылдан-жылга инфляция болуп жаткандыгына байланыштуу, кыйынчылыктарды жаратып жатат.

Бул тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акысы алты, жети миң сомду түзөт. Ал эми жумуштун зыяндуулугу менен оордугун ар бирибиз билебиз. Техникалардын эскилиги жеткен. Бир кездерде жашоо шартыбыз начар кезде каражатты үнөмдөө үчүн үйдө жашаган адамдардын санын кыскартып жаздырганбыз. Кудайга шүгүр жашообуз оңолуп жатат.

Коомдук угууларда жакшы сунуштар да түштү, анын бири болуп, үйдө жашаган адамдардын санын тактап берүүнү колго алуу керек экендиги айтылды. Тариф боюнча бир адамга бир айга 8 сом экен. Бир үйдөн бир адамды жашырсак, бир айда 8 сом, бир жылда 96 сом «экономдойт» экенбиз. Ошол 96 сомго жаманатты болбой эле каттатып  берели деп демилге көтөргөн инсандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.

Ал эми ишкана тууралуу маалымат берсек, ишкана чарбалык эсептеги ишкана болуп эсептелет. Таштандыга  төгүлгөн сумманын эсебинен айлык акы алабыз. Нарын шаарында таштандыга акча төлөөчү 27 000 абонент  бир айда 8 сомдон төлөгөндө  216 000 сом чогулуш керек. Ар кандай справкалардын баасы 5 сом, 1 айда 20 000 сомго чейин акча түшөт. Экөөнү кошкондо 240 000 сомдун тегерегинде акча чогулат.

Ал эми ишканада 28 кызматкер эмгектенет. Бир айлык акысы соц фонд жана налогду кошкондо 375 000 сомду түзөт. Ортодогу айырма 1 айда 135 000 сом бир жылда 1 620 000 сом болуп жатат. Бул эсептерге айлык акыны  которуу 13 айлык акы, дарылануу жөлөк пул (леч. пособия), эс алуу жөлөк пул(выход. пособ), кошулган жок. Премия тууралуу  оозанбай эле коелу. Ошого байланыштуу таштандынын тарифин көтөрүү маселеси келип чыгып жатат. Тарифти 4 сомго көтөрсөк ар бир жаран таштандыга 12 сомдон төлөп баштайт. Шаарда 27 000 абонент бир айда 324 000 сом төлөйт.            Справканы  5 сомдон  10 сомго чыгарсак, айына болжол менен 40000 сом чогулат. Экөөнү кошкондо  бир айда болжол менен 364 000 сом болот. Ал эми айлык акы 375 000 сом бойдон калган күндө деле, ай сайын айлыкка 10-15 миң сом, бир жылга айлык акы 150-180 миң сом тартыштык болот.   Бул жерде жогоруда көрсөтүлгөн кашумча төлөмдөр тууралуу сөз кылган жокпуз. А эгер шаардык Кеңештин депутаттары колдоо көрсөтүп, тарифти 5 сомго көтөрүп беришсе, бир айда 27 000 абоненттен 351 000 сом чогулат. Справкадан түшкөн акчаны кошкондо бир айда 391 000 сом түзөт, же болбосо айлык акыдан 16 000 сом ашат. Бир жылда бул сумма 192 000 сомду түзүп, айлык акыны кичине да болсо көтөргөнгө жетет эле.              Шаарыбыздын тазалыгы баарыбыз үчүн абдан маанилүү жана акыркы жылдарда таза шаар болуп келе жаткандыгы кубандырат. Ушул бойдон токтоп калбай мындан да таза болуш үчүн ар бирибиздин салымыбыз керек.

Таштандыга акча төлөдүм деп догурунбай ар кимибиз өзүбүз жашаган жерибизди тазалап турсак,  үйдөн чыккан таштандыны урнага таштасак, бара жатып эле оңго-солго таштандыны ыргытпасак, шаарыбыз таза болоорун унутпайлы.

Тазаланган жер таза эмес,

Булганбаган жер таза.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий