Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов үстүбүздɵгү жылдын 6-7-8-11-12-февраль күндɵрү шаардын аймактарында эл менен жолугушууларды ɵткɵрɵт.

Андыктан алдыдагы жолугушууларга активдүү катышып, кɵйгɵйлүү маселелер болсо ортого салып, шаарыбыздын ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ кɵмɵктɵшүүӊүздɵрдү ɵтүнɵбүз!

Жолугушуулар 1-аймакта (РТС) 6-февраль күнү 17.00дɵ спорт мектебинин имаратында;

2-аймакта (И. Раззаков) 7-февралда 17.00дɵ №7-мектептин имаратында;

5-аймакта (Жаӊы-Жолдон Ак-Кыяга чейин) 8-февралда 17.00дɵ лицей-интернаттын имаратында;

4-аймакта (ДСУдан Жаӊы-Жолго чейин) 11-февралда 17.00дɵ №5-мектептин имаратында;

3-аймакта (Ат-Башы кɵчɵсүнɵн ДСУга чейин) 12-февралда 17.00дɵ искусство мектебинин имаратында ɵткɵрүлɵт!

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Share

Добавить комментарий