Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иш аракеттери башталганына байланыштуу, Нарын шаарынын 16 жаштан жогору жарандарын биометрикалык маалыматтарын тапшырып кетүүгɵ чакырабыз.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча шаарда жети стационардык түйүндɵр иштеп жатат:

— Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармасы- Ш.Мамбетов кɵчɵсү №7-А; 5-24-07

— Борбордук чɵлкɵмдɵгү «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын имаратында — Токтосунова кɵчɵсү №24, тел.: 5-18-35;

— Нарын мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу – С.Орозбак кɵчɵсү №25, тел.: 5-33-36, 0700 34 37 35;

-Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүнүн короосундагы Нарын аймактык   паспорттук-визалык каттоо иштери боюнча бɵлүмү –Ленин кɵчɵсү №116, тел.: 5-54-52;

— №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектеби, тел.: 0707 11 10  21;

-Нарын шаардык-райондук паспорт столу – Мусурманкулова кɵчɵсү №19, тел.: 5-15-10;

— Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин окуу корпусу (Ак-Коргон аймагы) – Ленин кɵчɵсү №127, тел.: 5-18-51

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу учурунда жарандын жанында ID паспорту болуусу зарыл. Эгер бул документ жок болсо, 1974 жылдагы СССРдин паспортун (паспорт столдон жарандыгын тастыктаган аныктаманын негизинде), 1994-жылы чыгарылган же чет ɵлкɵлүк паспортун ала келүүсү тийиш.

Баарыӊыздарды жарандардын маалыматтык базасын түзүү боюнча Улуттук компанияга активдүү катышууга чакырабыз.

 

Нарын шаардык мэриясы

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий