ХОККЕЙ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР

Бүгүн, 28-январда Нарын шаарында СССРдин лыжа боюнча чемпиону Ташболот Токтосуновдун кубогуна арналган хоккей боюнча эл аралык турнир старт алды.

Турнир Т. Токтосуновдун уулдары тарабынан уюштурулуп, быйыл үчүнчү ирет салт катары ɵткɵрүлүп жатат. Эске салсак, ɵткɵн жылы да иш чара жогорку деӊгээлде болуп, Россиянын Челябинск шаарынан, Казакстандан жана Кыргызстандын региондорунан келген курама командалар арасында кубокту Челябинскинин хоккейчилери жеӊип алган эле.

Турнирдин уюштуруучусу, Нарын хоккей федерациясынын президенти Нурбек Ташболот уулунун айтымында, быйыл да аталган командалар чакырылып, бирок ар кандай себептерден улам келе албай калышкан. Ошол себептен турнирде бул жолу «Нарын шумкарлары», «Кеӊеш учкучтары» жана «Ат-Башы» хоккей командалары жеӊиш талашты.

Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында ɵтүп жаткан спорттук иш чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, ошондой эле шаардык Кеӊештин депутаттары, спорт күйɵрмандары катышып, командаларга ийгилик каалашты.

Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов Кыргызстандагы хоккейдин мекени-Нарын экендигин, хоккейди ɵнүктүрүүгɵ бийлик башындагылардан баштап жалпы эл колдоо кɵрсɵтүүсү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов: «Нарын шаарына ушундай заманбап муз аянтын куруп, эл аралык турнирлерди ɵткɵрүп, хоккей спортунун ɵнүгүшүнɵ зор салым кошуп жаткан Нурбек бир тууганыбызга Нарын шаарынын элинин атынан тереӊ ыраазылык билдирем. Бул жерде быйыл үчүнчү жолу эл аралык турнир ɵтүп жатат. Ѳткɵн жылы Челябинск шаарынын мэри Станислав Мошаров баштаган команда келип жакшынакай оюн кɵрсɵтүп кеткен. Муз аянты ачылгандан бери Нарын шаарынын кичинекей тургундары да кызыгуу менен катышып, Чехиядан, Канададан келген волонтерлор балдарыбызды машыктырып атат. Нарын шаарында Хоккей федерациясы ачылды. Жергиликтүү бийлик тарабынан да турнирлерге колдоолор кɵрсɵтүлүп, былтыр жергиликтүү бюджеттен 150 миӊ сом бɵлүнүп, балдардын формалары алынып берилген. Кудай буюрса, келечекте хоккейдин Кыргызстандагы мекени Нарын болуп, кɵптɵгɵн дүйнɵлүк турнирлер ɵткɵрүлүп, дүйнɵ чемпиондору чыгаарына ишенем»,-деди.

Иш чарада Челябинск шаарынын мэри Станислав Мошаров белекке берип жиберген хоккей оюнунун жабдуулары «Нарын шумкарлары» командасынын жаш хоккейчилерине тапшырылды. Ошондой эле шаардык Кеӊештин депутаттары тарабынан аталган команданын хоккейчилерине спорттук сумкалар белекке берилди.

Ошентип 40 жаштан ɵйдɵкү курактагылар арасындагы эл аралык мелдеш кызыктуу уланып, «Нарын шумкарлары» командасы 6 упай менен жеӊишке жетишип, кубоктун ээси болсо, «Ат-Башы» командасы 3 упай топтоп экинчи орунду камсыздады. Ал эми «Кеӊештин учкучтары» командасы 0 упай менен жеӊилүү ызасын тартты.

Уюштуруучулар тарабынан жеӊүүчүлɵргɵ кубок, диплом, медаль жана 4 номинация боюнча баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Мыкты оюнчуларга КРѲнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын белектери тапшырылды.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий