ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНЫН 32 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

Нарын шаардык мэриясында Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 32 жылдыгына карата иш чара ɵткɵрүлүп,  Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан Нарын шаарынын жана Нарын районунун ардагерлерине урмат-сый кɵрсɵтүлдү.

Иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бул күндү айрыкча мурунку Советтер союзунун курамындагы эл кайгыруу менен эскерип келээрин, Чернобылдагы атомдук реактордун жарылуусунан болгон уулануунун кесепеттерин жоюуга СССРдин курамындагы бардык республикалардан 600 миӊден ашык аскерлер чакырылса, алардын 4 миӊге жакыны Кыргызтандын, анын 42си Нарын шаарынын жоокерлери болгонун белгиледи. Ардагерлерге ден соолук, бакубат жашоо каалап, кɵзү ɵтүп кеткендердин үй-бүлɵсүнɵ кɵӊүл айтып, мындай окуя кайталанбоосун тилек кылды.

Бул жолу Нарын шаарындагы ЧАЭСтин 20 катышуучусуна жана кɵзү ɵткɵн 6 ардегердин үй-бүлɵсүнɵ жергиликтүү бюджеттен 26 миӊ сом бɵлүнүп берилди.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов ЧАЭСтин катышуучуларынын эрдигине баа берүү менен облустан 128 аскер чакырылып, алардын 75и гана арабызда бар экенин айтты. Облустун аймагында жашаган катышуучуларга ɵкүлчүлүктүн резервдик фондунан 55 миӊ сом бɵлүнгɵнүн билдирип, Нарын шаары менен Нарын районунун ардагерлерине 18 миӊ сом ыйгарды.

Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов  ЧАЭСтин ардагери Ишенбек Айылчиевге «Нарын шаарынын Ардактуу атуулу» тɵш белгисин тапшырды.

Бул күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Жыпара Жээналиева жана Аксакалдар Кеӊешинин, Аскер комиссариатынын, Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин, Куралдуу күчтɵрдүн ардагерлер Кеӊешинин ɵкүлдɵрү жана башкалар тарабынан да ардагерлерге белектер берилип, урмат-сый кɵрсɵтүлдү.

Чернобыль коомдук уюмунун жетекчиси Самат Мажикеев ардагерлердин атынан жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵ жана бардык куттук арнаган коомчулукка тереӊ ыраазылык билдирип, мындай алаамат мындан ары кайталанбасын деген тилегин жолдоду.

Иш чаранын кийинки бɵлүгү Нарын шаардык маданият бɵлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

IMG_9325_result

IMG_9323_result IMG_9328_result IMG_9333_result IMG_9334_result IMG_9335_result IMG_9338 IMG_9338_result IMG_9347_result IMG_9349_result IMG_9353_result IMG_9357_result IMG_9366_result IMG_9374_result IMG_9376_result IMG_9379_result IMG_9385_result IMG_9332_result

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий