ШААРДЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН АЛЫНГАН КАРАГАЙЛАР ОТУРГУЗУЛУУДА

Нарын шаарынын казынасынан каралган 1 млн сомго алынган 400 көчөттүн 200 түбү Нарын шаарына алынып келинип учурда мерчемделген аймактарга отургузулуп жатат.
Даярдалган орундуктарга Нарын шаардык кенешинин депутаттары 40 түп көк карагайды 64 аймагына отургузушса, калган көчөттөрдү Нарын шаардык Жашылдандыруу Ишканасы кызматкерлери, Нарын Суу-канал Ишканасы ишканасынын жамааты облустук казыяттын медресесинде билим алган окуучулар отургузуп жатышат.
Жакынкы күндөрү дагы 200 түп көчөт үчүн орундуктар даярдалып жатат.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий