2014-жыл ичинде китепкана шаардагы мекеме-ишканалар, мектептер, коомдук уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлар жана шаардын калкы менен байланышта болуп, айрыкча Ага Хан фондусу менен бирдикте натыйжалуу иш жүргүзүлгɵнү, бүгүн, 13-январда жылдык отчетту угуу жыйынында белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Нарын шаарында керектɵɵчүлɵрдүн маалыматка болгон муктаждыгын, суроо-талаптарын канааттандырууда Ж.Коӊурбаева атындагы борборлоштурулган китепканасы иш алып барат.
Анда жалпы китеп фондунун кɵрсɵткүчү 2013-жылга (62 067) салыштырмалуу 481 ге кɵбүрɵɵк болуп, 62 548 санын түздү. Ал эми жыл ичинде 8 650 пайдалануучу катталып, 172 449 жолу окурмандарга китептер берилген.
Мындан сырткары, «2014-Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына» карата бир катар иш чаралар ɵткɵрүлүп, китепкананын фондусу адабияттар менен толукталып, ата-энелер үчүн ресурстук борбор ачылып, пайдалануучулар Интернет байланышы менен тейлене баштады. Учурда шаардык китепканада жана анын 3 филлиалында 17 кызматкер эмгектенет.
Аталган мекемин жылдык отчетун угуу жыйынына шаардын вице-мэри С.Эсенаманова жана тиешелүү адистер катышышты.