23-февралда Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери: Абдиев Касымаалы жана Токтомушев Тукеш аталарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктап, ал-абалын сурады.
Ардагерлер жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн куттугун жылуу кабыл алып, ак баталарын берип узатышты.
Ата Мекенди коргоо күнүнɵ карата ардагерлердин ар бирине Нарын шаарынын мэринин резервдик фондунан 2 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү майрамдык белек берилди.
Белгилей кетсек, учурда Нарын облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 19 ардагери болсо, анын экɵɵ Нарын шаарынын тургундары.
Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.