Эгемендүүлүк майрамы Нарын шаарында чоӊ салтанат менен белгиленди

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында 31-август Кыргыз Республикасынын Кɵз карандысыздыгынын 24 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш чараны шаар мэри Р.Адиев ачып,майрамга келгендерди эӊ башкы мамлекеттик майрам менен куттуктады. Ошондой эле теӊиртоолуктарга КР Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министри К.Бороновдун,  Ѳкмɵттүн облустагы  ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыповдун куттуктоолору жолдонду.

Андан кийин сценарий боюнча театрлаштырылган оюн зоок кɵрсɵтүлүп, чоӊ программадагы концерт тартууланды.

Мындан сырткары, борбордук “Ала-Тоо” стадионунда спорттук оюндар, Тɵш-Булак аймагындагы Борбордук Азия Университетинин спорт аянтчасында чɵлкɵмдɵр  арасында ɵткɵрүлгɵн кичи футбол боюнча спорттук мелдеш ɵткɵрүлдү.

IMG_4761IMG_4769IMG_4770IMG_4785IMG_4789IMG_4791IMG_4794IMG_4800IMG_4805IMG_4812IMG_4813IMG_4820IMG_4823IMG_4824IMG_4830IMG_4839IMG_4841IMG_4846IMG_4854IMG_4868IMG_4873IMG_4875








Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий