Эки күнгɵ созулган мелдеш жыйынтыкталды

 

Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин уюшулгандыгынын 10 жылдыгына жана «Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына» карата республикалык мелдеш 14-июнь күнү жыйынтыкталды.

Жыйынтыгында 1-орунду Нарын шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери багындырышса, 2-орунга Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарынан турган команда келди, ал эми 3-орунга Балыкчы шаарынын мэриясы менен кеңешинин депутаттары орун алышты.

Жеӊүүчүлɵргɵ баалуу белектер, сыйлоо баракчалар жана медалдар тапшырылып, «мыкты дарбазачы», «мыкты оюнчу», «мыкты чабуулчу», «мыкты команда» наамдары боюнча кызыктыруучу белектер тапшыйгарылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын командасынын намысын бул мелдеште жогорку упай топтоп шаардык Кеӊештин тɵрагасы, 1-вице-мэр, мэриянын аппарат жетекчиси жана шаардын депутаттары коргошту.

2 4 10 3 8 1 7 5

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий