ЭМГЕКТЕНСЕК ИШКЕ АШАТ. НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ КАНБОЛОТ ТУТУЕВ ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШКАНАСЫНЫН ЖАМААТЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

 

Нарын шаарынын мэри К. Тутуев жашылдандыруу ишканасына барып, 51 кызматкерден турган эмгек жамаат менен жолукту. Ишкана тарабынан шаардагы 11 сквер, 7 парк жана  1 питомник жана көчө боюндагы бак-дарактар тейленет.

Жолугушуу учурунда кызматкерлердин түйшүктүү иштерин белгилеп,  жаңы отургузулуп жаткан көчөттөрдү жакшы карап өстүрүүнү тапшырды. Муну менен  республика аймагында жүрүп жаткан “Жашыл мурас” долбоорун жеткиликтүү  ишке ашыруу аракети көрүлөт.

“Бак тигүү бул сооп иш. Сиздер сооп иш жасап жатасыздар! Быйыл жүздөгөн кочөттөрдү отургузалы деп жатабыз. Мен  өз командам менен  бирге көк карагайдын көчөттөрүн алып отургазалы деген демилге көтөрдүк. Бул демилгебиз колдоо таап, шаарыбыздагы мекеме-ишкана жамаатары да көчөт алып бермей болушту. Көчөттөрдү отургузуп, өстүрүп алсак шаарыбыз көрктөнө түшөт”-деди шаар башчысы өз сөзүндө.

Жашылдандыруу муниципалдык ишканасы 1 млн сомго 400 түп көк карагайдын көчөттөрүн сатып алышат. Ошондой эле  шаарыбыздагы жеке ишкерлер жана шаардык кеңештин депутаттары да  бул демилгени колдоп, көчөт тигишет.

Мындан тышкары Нарын шаары  менен Ош шаарынын ортосунда достук алакасын түзүп муну менен Нарынга миң түп можжевильниктин көчөттөру алынып  келинет.

 

 

 

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий