Эртеӊ майрам

 

Нарын шаарында 9-май Жеӊиш күнүн, Улуу Жеӊиштин 70 жылдык мааракесин белгилɵɵ боюнча кызуу даярдыктар кɵрүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Мааракени белгилɵɵ эртеӊ саат 8-00 де Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата кайрадан жаӊылануудан ɵткɵн сейил бактын ачылышы менен башталат. Эскерүү митинги Тянь-Шань паркында ɵткɵрүлɵт жана ал жерден согуштун ардагерлерине атайын аскердик ботко берилет.

Ал эми саат 10-00 до Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында аскердик парад, театрлаштырылган демонстрация жана чоӊ программадагы концерттик программа ɵткɵрүлɵт. Ошондой эле майрамдын уландысы кечки саат 19-00 да кɵӊүл ачуучу иш чаралар менен коштолуп, соӊунда фейерверк тартууланат.

Белгилей кетсек, Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата сейил бакты реконструкциялоодон ɵткɵрүү үчүн жалпысы 993 миӊ сом акча каражаты жумшалды, анын 284 миӊ сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 150 миӊ сом жеке Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов тарабынан, 145 миӊ сому облустун ɵнүктүрүү фондунан, 384 миӊ сом Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен берилсе жана 30 миӊ сом жеке ишкер С.Үсɵналиев тарабынан колдоо катары берилген.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий