Эртеӊ Нарын шаарында 2014-жылдын алгачкы ишембилиги ɵтɵт

 

Нарын шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, шаардын калктуу конуштарынын  санитардык жана экологиялык  абалдарын жакшыртуу, аймактарын кɵрктɵндүрүү, бак-дарактардын аянттарын кɵбɵйтүү боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева маалымдайт.

   Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүү максатында, шаардын аймагын санитардык тазалоо, кɵрктɵндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 2014-жылдын 1-апрелинен 1-июнуна чейин эки айлык ɵткɵрүлɵт.

 Нарын шаарындагы мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын жана чарбакер субъекттердин жетекчилерине менчигинин түрүнɵ карабастан бюджетте каралган каражаттардын чегинде эки айлыктын алкагында кɵчɵлɵрдү, короолорду тазалоо боюнча ар жуманын ишемби күндɵрү ишембиликтерди ɵткɵрүү; жашоо чɵйрɵсүн, администрациялык жана турак-жай имараттарынын тышкы кɵрүнүшүн тартипке келтирүү;  кɵчɵлɵрдү түнкү жарыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү: калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү; муниципалдык жолдорду ремонттоо; социалдык чɵйрɵнүн жана шаардык инфраструктуранын объекттерин ремонттоону камсыздоо сунушталды.

             Ошондой эле шаардык мекеме-ишканалар 2014-жылдын апрель жана май айларынын ар бир жумасынын 5-күндɵрү эки айлыкты ɵткɵрүүнүн жүрүшү жɵнүндɵ жана 2014-жылдын 1-июнуна карата жүргүзүлгɵн иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды  Нарын шаардык мэриясына берүү жагы милдеттендирилди.

            

Share

Добавить комментарий