НАРЫН ШААРЫНДАГЫ «МАЗАР БУЛАК» СКВЕРИНИН АЙЛАНАСЫН ТОСУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Мазар Булак” скверинин айланасын темир тосмо менен тосуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

1999-жылы уюшулуп, 1,5 га жер аянтын ээлеген сквердин  тегерегин тосуу долбоорунун  жалпы наркы  765 миң 876 сомду түзөт. Анын 574 миң 400 сом акча каражаты республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу каржыланып, өздүк салым катары  шаардык бюджеттен 191 миң 460 сом жумшалууда. Скверди тосуу иштери август айларында аяктайт.

Кийинки жылдары скверге брусчатка төшөлүп, отургучтар, фонарлар орнотулуп, аймактын жашоочуларынын эс алуусу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

IMG_9373 IMG_9374 IMG_9375 IMG_9377 IMG_9386 IMG_9388

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий