Медайымга рахмат айт» маалыматтык кампаниясы 16-ноябрда башталган.Саламаттыкты сактоо  тармагында орчундуу орунду ээлеген медайымдарга ыраазычылык билдирүү иш чарасы 21-ноябрда Нарын шаарынынТурдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтына уюштурулду.Иш чарага жергиликтуу бийлик өкүлдөру  катышып,облустун саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген  медайымдарга ыраазычылыктар айтылып,сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

“Урматтуу дарыгерлердин оң колу  болгон  медайымдар «Медайымга рахмат  айт» маалыматтык  кампаниясынын алкагында биз,Нарын шаардык мэриясынын аппараты  сиздерге рахмат айтыбыз. Медайымдардын кесипкөй адистери  саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугуна жетишүүгө жана сактоого чоң салым кошушат. Калк саламаттыгы үчүн сиздердин  кызматыныздардын орду чоң экени талашсыз. Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясына  каршы  күрөшүүдөгу   эмгегиңиздер  алкышка татыктуу болду.Сиздер оорунун очогунда  кызмат кылып келе жатасыздар .Бул жоопкерчиликтүү ишти ак ниет менен аткарат деп терең ишенебиз.Сиздерге чын ден соолук,бакуат жашоо каалоо менен бирге иштериңизде  албан ийгиликтерди каалайбыз”-деди Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов

 

 

 

 

 

 

“Медайымга рахмат айт” маалыматык кампаниясы Кыргыз Республикасында Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат жана Өкмөттүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден-соолугун чыңдоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» Программасын жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт, 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында билим берүүнү  жана медайымдык ишти өнүктүрүү программасы бекитилген.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий