ОШ ШААРЫНАН БЕЛЕК КАТАРЫ КӨЧӨТТӨР КЕЛДИ

Ош шаарынан Нарын шаарына белек катары 1000 түп можжевельниктердин жана ясен, клен бактарынын көчөттөрү келди.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен Ош шаарынан мэри Алмаз Мамбетовдун эки шаар ортосунда достук кызматашуу жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн негизинде Нарын шаарына можжевельниктер алып келинди.
Белек катары келген көчөттөрдү Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери алып келип, Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасына өткөрүп беришти.
Буга чейин Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Ош шаарынан мэри менен байланышып эки шаар ортосунда достук байланыш түзүүнү демилгелеген.
Көчөттөр Нарын шаарынын борбордук аянтында тосуп алынып Нарын шаарынын мэри К. Тутуев Нарын шаары үчүн берип жиберген көчөттөр үчүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго терең ыраазычылык билдирип, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык кеңешинин ыраазычылык каттарын тапшырды.
Бул көчөттөр мектеп, бала бакчаларга жана башка мерчемделген аймактарга отургузулат.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий