УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 77 ЖЫЛ✅
Нарын шаарында Улуу Жеңиш күнү белгиленип, майрамдык иш чарага Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган жетекчилер, жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Иш чара «Жеңиш 70» сейил багындагы Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналып тургузулган эстеликке гүл кою менен башталып, Тянь-Шань паркындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоркерлерге арналган эстеликтеги өчпөс оттун жанында уланып, согушта курман болгон жоокерлер эскерилип, куран окулуп, эрдиктери даңкталды.
Жергиликтүү жашоочуларды куттуктаган Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев » 9 май ата бабаларыбыздын өчпөс, өлбөс эрдигин даңазалап, элибиздин ынтымагы биримдиги менен бүгүнкү жаркын жашоону алып келген жеңиш күн катары белгиленип келет. Согушта эрдик көрсөтүп ажалга тике карап, «Жеңиш үчүн деп»- өз жанын курман кылган жоокер аталарыбыздын элестери жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Жергебизде тынчтык ыры жаңырып, элибизде токчулук молчулук болуп, асманыбыз ачык болсун «-деди
Иш чарада окуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп, мекенди даңктаган ырлар аткарылды.
Мындан соң Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер Тукеш Токтомуушев менен эмгектин ардагери Калича Макешованы үйүндө куттукташып акчалай жана баалуу белектерди тапшырышып, куттуктоолорду жолдошту.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий