Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!
Нарын шаарынын калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, тазалоо, кɵрктɵндүрүү боюнча, Нарын шаардык мэриясы тарабынан, жарыяланган эки айлыктын алкагында, 2015-жылдын апрель жана май айларынын ар бир аптасынын жума жана ишемби күндɵрү жалпы шаардык ишембилик ɵткɵрүлɵт.
Андыктан, баарыӊыздарды шаардын таза жана кɵрктүү болушуна кайдыгер карабастан, ɵз үйүӊүздүн, соода-сатык жайларынын сыртын актап, сырдап, короо-жайыӊыздарды, жашаган жериӊиздердин айланасын, арыктарды тазалоого активдүү катышып, шаарыбызды таза сактоого жигердүү салымыӊыздарды кошууга чакырабыз.
Нарын шаардык мэриясы