Нарын шаардык мэриясына 2016-жылы жарандардан 632 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Анын ичинен, 307 си жазуу жүзүндө, 6 электрондук кайрылуу, коомдук кабылдамага 216 жаран кайрылса, ишеним телефонго 10 жана 93 ооз эки кайрылуу келип түшкөн.
Арыздардын мүнөзүнө жараша төмөндөгүдөй бөлүнөт: социалдык маселелер боюнча -108; экономикалык маселелер -143; материалдык жардам берүү -140 жана башка маселелер боюнча 241 жарандын кайрылуусу каралды. Мунун ичинен 237 жарандын кайрылуусу чечилип, 386 арыз боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.