КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!
Сиздерди Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимовичтин 2017-жылдын 9-мартынан 18-мартына чейин ɵткɵрүлүүчү шаардын эли менен жолугушууларына чакырабыз. Келип кɵйгɵйлүү маселелер боюнча суроолоруӊуздарды жана сунуштарыңыздарды берип, катышып кетиңиздер.
Жолугушуулардын графиги:
- 09.03.2017-ж. саат 17-00 — РТС аймагынын жашоочулары менен №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде;
- 10.03.2017-ж. саат 17-00 – Ат-Башы көчөсүнөн баштап ДСУга чейинки аймактын жашоочулары менен №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде;
- 11.03.2017-ж. саат 11-00 – Москва чөлкөмүнүн жашоочулары менен №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде;
- 17.03.2017-ж. саат 17-00 – ДСУдан Жаңы-Жолго чейинки аймактын жашоочулары менен №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинде;
- 18.03.2017-ж. саат 11-00 – Жаӊы Жолдон Ак-Кыяга чейинки аймактын жашоочулары менен Лицей-интернаттын имаратында.