БАЗАР ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛҮҮДѲ.

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы тиешелүү кызматкерлерден турган комиссия базарды иретке келтирүү иштерин улантууда. Бүгүн жол боюнда соода кылгандарга базардын ичинен орун алып, соодасын улантуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аларга ыӊгайлуу орундар сунушталды.                     Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ МЕНЕН БИШКЕК ШААРДЫК МЭРИЯСЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ.

23-мартта Нарын шаардык мэриясынын жана  Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, аймак башчылары Бишкек шаардык мэриясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Муниципалдык башкарууну жакшыртуу, аймактык түзүмдɵрдүн жергиликтүү деӊгээлде кызмат кɵрсɵтүүлɵрүнүн ролун кɵтɵрүү максатын кɵздɵгɵн бул окутуу Эл аралык республикалык институт …

Толук окуу

«Гарантиялык фонд» ААКу ишкерлерди колдойт

Нарын шаардык мэриясы жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү тарабынан түзүлгɵн «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коому менен биргелешип иш алып барууда. 2018-жылдын 2-февралында Нарын шаардык мэриясы менен «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун ортосунда «Бир район-бир ишкана» программасы боюнча келишимге кол коюлду. Программанын максаты кичи жана орто ишкердикке насыя алуу үчүн …

Толук окуу

НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ИШЕМБИЛИК ЧЫНЫГЫ ЭМГЕК МАЙРАМЫНА АЙЛАНДЫ.

23-24-март күндɵрү Нарын шаарында ишембилик ɵткɵрүлүп, бул акцияга шаар тургундары, шаардагы облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын, соода жана тейлɵɵ борборлорунун, коомдук уюмдардын жамааттары активдүү катышып беришти. Натыйжада 100дɵн ашык мекеме-уюмдардын 3 миӊге жакын кызматкерлеринин аракети менен парктар, скверлер, кɵчɵ бойлору, арыктар, имараттардын айлана–тегереги тазаланып, болжол менен 450 метр куб турмуш-тиричилик таштандылары …

Толук окуу

«УЛУТТУК ТАМАК-АШ» БОЮНЧА КАРОО-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ.

22-мартта Нарын шаардык мэриясында Нооруз майрамына арналган иш чарадагы улуттук тамак-аш боюнча кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан жамааттарга сыйлык тапшырылды. Белгилей кетсек, аталган кароо-сынакка шаардык мекеме-ишканалардан: «Таза Нарын», «Суу-канал», Социалдык ɵнүктүрүү, Үй-бүлɵлүк дарыгерлер борбору жана Билим берүү тармагынын эмгек жамааттары катышып, улуттук тамак-аштардын түрлɵрүн алып чыгышкан. Комиссиянын чечими менен тамак-аштын …

Толук окуу