«БААРЫБЫЗГА ДЕН СООЛУК» ИШ ЧАРАСЫ КООМЧУЛУКТУ СЕРГЕК ЖАШООГО ҮНДѲДҮ.

Бүгүн Бүткүл дүйнɵлүк ден соолук күнүнɵ жана Апрель Элдик революциясынын 8 жылдыгына карата Нарын шаарында «Баарыбызга ден соолук» ураанынын алдында массалык иш чара ɵткɵрүлдү. Анын алкагында Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунун кызматкерлери тарабынан борбордук аянтта шаар калкына акысыз медициналык кароо уюштурулуп, элдин кан басымы, канындагы канттын ɵлчɵмү ченелип, кардиолог, терапевт …

Толук окуу

Share

ШААР БИЙЛИГИ ГЕРБДИН АВТОРУН КУТМАН КУРАГЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин автору, жердешибиз Асейин Абдраев 70 жашка толду. Бүгүн,  7-апрелде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов жана вице-мэр Салтанат Эсенаманова Асейин Абдраевди кутман курагы менен куттуктап, абалын сурашты. Ден соолугунан жабыр тартып турса да шаар бийлигинин ɵкүлдɵрүн жылуу кабыл алган Асейин ага …

Толук окуу

Share

АПРЕЛЬ БААТЫРЛАРЫНА АРНАЛЫП ЖАШ КѲЧѲТТѲР ОТУРГУЗУЛДУ.

Бүгүн Апрель Элдик революциясынын шейит болгон баатыр уулдарынын жаркын элесине арналып Нарын шаарынын И. Раззаков чɵлкɵмүндɵгү Ленин кɵчɵсүнүн жээгине «Тянь-Шань» карагайынын кɵчɵттɵрү отургузулду. Бак тигүү аземине жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү, Апрель Элдик революциясынын баатырлары, мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын мүчɵлɵрү катышып, жакшы тилек менен кол тийгизишти. Бүгүнкү жашылдандыруу иш чарасында шаардагы парктарга, гүлбакчаларга …

Толук окуу

Share

ЭЛ БААТЫРЛАРЫ ЭСКЕРИЛИП, ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА БАА БЕРИЛДИ.

Бүгүн, 7-апрелде Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркында  Апрель Элдик революциясынын күнүнɵ арналган эскерүү митинги ɵткɵрүлүп, элдин эркиндиги, мамлекеттин келечеги үчүн шейит болгон кыргыз уулдары эскерилип, Апрель Элдик революциясына коомчулук тарабынан дагы бир ирет баа берилди. Бул күнү таӊ эрте эл уулдарынын эстелиги алдына шаар  тургундары чогулуп, муӊдуу күүнүн коштоосунда эстеликке гүлчамбарлар …

Толук окуу

Share

ТАЗАЛЫК ЭСТАФЕТАСЫ УЛАНТЫЛДЫ.

Бүгүн,  6-апрелде Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда башталган «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» аталышындагы тазалык эстафетасы улантылды. Белгилей кетсек, аталган иш чара ɵткɵн жумада Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленип, аталган ишкананын жамааты Жаӊы-Жол аймагындагы кɵпүрɵнү тазалап, актап сырдап, эстафетаны Нарын суу канал жана Жылуулук менен …

Толук окуу

Share