ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНЫН 32 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

Нарын шаардык мэриясында Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 32 жылдыгына карата иш чара ɵткɵрүлүп,  Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан Нарын шаарынын жана Нарын районунун ардагерлерине урмат-сый кɵрсɵтүлдү. Иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бул күндү айрыкча мурунку Советтер союзунун курамындагы эл кайгыруу менен эскерип келээрин, Чернобылдагы атомдук реактордун…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНДАГЫ ОБЛУСТУК, РАЙОНДУК МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАРДЫ, КООМДУК УЮМДАРДЫ ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!!!

Жалпыга маалым болгондой, бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда шаарды кɵрктɵндүрүү максатындагы «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясы жүрүп жатат. Тазалык акциясынын алкагында тазалоого оор болгон коомдук жайлар иретке келтирилип, акталып, сырдалып, жашылдандырылып, ал тургай түнкү жарыктарынан бери алмаштырылып, кийинки мекемелерге эстафета катары ɵткɵрүлүп берилүүдɵ. Бул демилгенин аркасы менен бир ай ичинде Жаӊы-Жол …

Толук окуу

Share

ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ-ШААРДЫ КѲРКТѲНДҮРҮҮНҮН МЫКТЫ ҮЛГҮСҮ.

20-21-апрель күндɵрү Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда жүрүп жаткан «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясы кызуу улантылды. Акцияда шаардагы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери ɵздɵрүнɵ бɵлүнүп берилген «Улуу Жеӊишке 70 жыл» аталышындагы гүлбакты тазалап, отургучтарын жана тосмолорун сырдап, актап, бак-дарактарды жана гүлдɵрдү отургузуп, иретке келтирип беришти. Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунун жекетчиси Мурат Алияскаровдун айтымында,…

Толук окуу

Share

«АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН БААТЫРЛАРЫ ЫР СУНАТ»

Бүгүн, 20-апрелде Нарын шаарынын тургундарына жана меймандарына Апрель Элдик революциясынын баатырларынын жана Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлеринин аракети менен даярдалган чоӊ программадагы концерт тартууланды. Быйылкы «Региондорду ɵнүктүрүү жылына» карата уюштурулуп, мындан ары эл-жерибизде революция болбой, тынччылык, токчулук, эркиндик болуусун тилек кылган ыр майрамда Апрель Элдик революциясынын баатырлары обон созуп ыр…

Толук окуу

Share

«ТЕӉИР ТОО» ГЕЗИТИ ШААР МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ» ДЕП АТАДЫ.

Нарын облустук «Теӊир Тоо» гезити 2017-жылдын  жыйынтыгы менен Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловду «Жылдын мыкты мэри» деп атаган. Жакында Нарын шаардык мэриясында журналисттер үчүн ɵткɵрүлгɵн маалымат-жыйында «Теӊир Тоо» гезитинин журналисттери тарабынан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловго ушул сыйлык салтанаттуу кырдаалда тапшырылды. Гезиттин журналисти Бурулсун Дыйканбаева жыл мыктылары 2017-жылдагы коомдук пикирдин…

Толук окуу

Share