НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ АЙМАК ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ѲТКѲРҮҮДѲ.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын аймактарында эл менен жолугушууларды ɵткɵрүп, жасалган иштер, алдыдагы максаттар тууралуу маалымат берүү менен бирге элдин кɵйгɵйлɵрүн угуп, суроолоруна жооп берүүдɵ. 6-февраль күнү ɵткɵрүлгɵн РТС аймагындагы жолугушууда шаар мэри аткарылган иштерге кыскача токтолуп, 150 жылдык мааракеге салым кошкондугу үчүн аймактын элине ыраазычылык билдирди. РТС аймагы…

Толук окуу

Share

ИНДИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ НАРЫН ШААРЫНДА

Бүгүн, 6-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок А. Димри мырзаны кабыл алды. Димри мырза Нарындын кышкы кооз жаратылышы ɵзгɵчɵ таасир калтырганын белгилеп, кызматка келгенине бир ай болгонун, Бишкек шаары менен бирге региондор менен тыгыз иштешүү башкы максаттардан экенин билдирди. Ошондой эле Индия кинолорун Нарын жергесинде тартуу,…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНДА ЭНЕРГИЯНЫ ҮНѲМДѲѲ ДОЛБООРЛОРУ ИШКЕ АШАТ.

Нарын шаарында дээрлик 6 ай бою жылуулук энергиясын колдонуу мезгили болгондуктан электр жана жылуулук энергиясын үнɵмдɵɵ негизги кɵйгɵйлɵрдɵн. Бул кɵйгɵй Дүйнɵлүк банк жана Швейцариялык ɵнүктүрүү бюросу тарабынан эске алынып, «Нарын шаарынын энергия колдонуусун изилдɵɵ» долбоору ишке ашып жатат. Бүгүн Нарын шаардык мэриясында семинар ɵткɵрүлүп, Дүйнɵлүк банктын эксперттери тарабынан мэриянын жана…

Толук окуу

Share