ѲСПҮРҮМДѲР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА…

Жакында Нарын шаардык мэриясында Нарын шаардык прокуратурасы менен биргеликте жаш ɵспүрүмдɵр катышкан кылмыштуулуктун жана ɵспүрүмдɵргɵ карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатындагы кеӊешме ɵткɵрүлдү. Иш чарага Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова, Нарын шаарынын прокурору М. Акматалиев, Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүнүн башчысы Т. Кадыров, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык ɵнүктүрүү…

Толук окуу

Share

НООРУЗ-ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕРДИН МАЙРАМЫ.

Нооруз майрамы Нарын шаарында ɵзгɵчɵ майрамдык маанай менен белгиленди. Аба ырайынын кескин ɵзгɵрүүсүнɵ, ак кардын себелеп жаап турганына карабай шаардын борбордук аянты майрам шаӊына бɵлɵнүп, элдин агымы кɵп болду. Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чаранын расмий бɵлүгүн ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын элин куттуктап, Улустун улуу күнү жалаӊ…

Толук окуу

Share

КОММУНАЛДЫК ЧАРБАНЫН ИШИ-ШААРДЫН ЖҮЗҮ

Бүгүн, 20-мартта Нарын шаардык мэриясы тарабынан Тиричилик жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш чара ɵткɵрүлдү. Майрам ээлерин куттуктаган Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов шаардын жашоосунда коммуналдык чарба кызматкерлеринин алмаштыргыс орду бар экенин баса белгилеп, аларга жакшы тилектерди арнады. Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов коммуналдык чарбанын иши…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

«Баарыӊыздарды жаӊылануунун, жакшылыктын жышаанын алып келген Улуу Нооруз майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм! Нооруз-күн менен түн теӊелип, жер бетинде тиричилик жанданган Жаӊы күн. Ата-бабаларыбыз байыртан эле жер жарылып чɵп чыккан, желин айрылып сүт чыккан ушул мезгилди ар жылы күтүнүп тосуп алып, жаздын келишин, чɵптүн чыгышын, булак кɵзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан.…

Толук окуу

Share

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!

21-март күнү Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамына арналган майрамдык иш чара ɵткɵрүлɵт. Саат 10.00дɵ иш чаранын салтанаттуу майрамдык ачылышы болот. Андан кийин театралдаштырылган оюн-зоок кɵрсɵтүлɵт. Аянтта кол ɵнɵрчүлɵрдүн жана улуттук–тамак аштын кɵргɵзмɵсү коюлат. Саат 12.00дɵ «Ала-Тоо» стадионунда улуттук спорттук оюндар башталат. Келип майрам шаӊына күбɵ болуӊуздар!!!

Толук окуу

Share