БОРБОРДУК БАЗАРДЫ ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ АРАКЕТТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА.

Нарын шаарында борбордук базарды ирээтке келтирүү иштери улантылууда. Шуллер жана С. Орозбаков кɵчɵлɵрүнүн боюнда жашылча-жемиш саткан соодагерлер үчүн «Абдрай Ата» базарынан орун берилип, ишкерлерди белгиленген орунга киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдɵ. Коомдук жайды ирээтке келтирүү тартибине баш ийбеген соодагерлерге Бузуулар кодексинин беренелерине ылайык айып пул салынаары эскертилет.

Толук окуу

Share

БУЗУУЛАР КОДЕКСИНИН БЕРЕНЕЛЕРИ БОЮНЧА МЫЙЗАМ БУЗГАНДАРГА АЙЫП ПУЛДАР САЛЫНА БАШТАЙТ

Кечээ, 2-майда Нарын шаардык мэриясында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнɵ кирген Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлерине дагы бир ирет түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып пул салуу боюнча протоколдор таратылып берилди. Белгилей кетсек, Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары Бузуулар кодексинен 27 берене боюнча бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароого укугу бар. Алар: Кɵп…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНДА ИПОТЕКАЛЫК ТУРАК ЖАЙ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн «Арзан турак жай-2015-2020” программасынын алкагында бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 5 кабаттуу 60 батирлүү турак үй пайдаланууга берилүү алдында турат. Курулуш иши 2017-жылдын 8-сентябрында башталып, ОсОО “Минур” ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдɵ. Батирлердин жалпы саны 60, анын ичинен 30 батир бир бɵлмɵлүү, 30 батир эки бɵлмɵлүү.…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛѲРҮНҮН БАШЫН КОШКОН СПОРТТУК МЕЛДЕШ

Бүгүн Нарын шаарында шаардын орто мектептеринин бүтүрүүчүлɵрүнүн башын кошуп, тɵртүнчү ирет салт катары ɵткɵрүлүп жаткан «Нарын ынтымагы» аталышындагы футболдук мелдеш старт алды. Спорттук иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Нарындын уулдарынын башын кошуп, ынтымакка чакырган уюштуруучуларга тереӊ ыраазылык билдирип, бардык командаларга ийгилик каалады. Ошондой эле Нарын шаардык Кеӊешинин…

Толук окуу

Share

ТАЗАЛЫК МАРАФОНУ СПОРТ ТАРМАГЫНДА

Бүгүн, 26-апрелде «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» акциясынын алкагында Нарын шаарынын «64» аймагындагы айлампада жайгашкан чакан гүлбак кɵрккɵ келтирилди. Бул иш шаардагы спорт мекемелеринин кызматкерлеринин аракети менен жүзɵгɵ ашып, сейилбактын курчап турган тосмолору сырдалды. Сырдоо иштерине 8 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү каражат жумшалды. Тазалык эстафетасы Нарын шаарындагы финансы башкармалыгына салтанаттуу кырдаалда ɵткɵрүлүп…

Толук окуу

Share