НАРЫН ШААРЫНДА “КЫЗЫЛ КӨЙНӨК” АТАЛЫШЫНДАГЫ ДЕН СООЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!!! 22-июнда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында “Кызыл көйнөк” аталышындагы ден соолук акциясы өткөрүлөт. Иш чара саат 10.00дө Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тушунан борбордук аянтка чейинки жөө жүрүш менен башталат. “Дени сак аял-дени сак өлкө!” ураанынын алдындагы бул акциянын негизги максаты аялзатынын ден…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНДА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫН ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Нарын шаарындагы жол кыймылын жɵнгɵ салуу максатында М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу академиялык драма театрынын тушуна темир тосмолор коюлду. Бул аракет жɵɵ адамдардын жолду каалаган жерден кесип өтүп авариялык абал жараткан баш аламан кыймылын жɵнгɵ салып, жол чырактан ɵтүүсүн шарттады. Темир тосмолорду коюу үчүн жергиликтүү бюджеттен 253 миӊ сом каражат…

Толук окуу

Share

НАРЫН ШААРЫНДА ЖАЙЛОО ШАРТЫНДАГЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Балдардын жайкы эс алуусун натыйжалуу өткөрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан тартып Нарын шаарындагы бала бакчаларда жайлоо шартындагы өнүгүү борборлору иштей баштады. Борборлор бала бакчалардын короолорундагы боз үйлөрдө жайгашып, түшкө чейинки жана түштөн кийинки нөөмөттөр менен мектеп жашына чейинки балдарды кабыл алууда. Бул убакыттарда балдарга атайын расписание менен сүрөт тартуу, тил…

Толук окуу

Share

УРМАТТУУ НАРЫН ШААРЫНДАГЫ Ж. ШЕРАЛИЕВ КӨЧӨСҮНҮН ТУРГУНДАРЫ!!!

Нарын шаарынын Ж. Шералиев көчөсүндө өткөн жылдын 29-июнунан бери Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында иш жүрүп жаткан. Таза суу жана канализация системаларын алмаштыруу жумушу мөөнөтүнөн эрте аяктагандыктан Ж. Шералиев көчөсүнүн жолун калыбына келтирүү иштери башталды. Бул учурда жолду кыруучу,…

Толук окуу

Share