ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ НАРЫН ШААРЫНЫН ЭЛИНИН КӨЙГӨЙЛӨРҮН УКТУ

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Рыскелди Момбеков, Алтынбек Жунус уулу жана Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган топ Нарын шаарынын эли менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушуу Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен уюштурулду. М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн баарлашууда Нарын шаарынын эли тарабынан…