ИНТЕРНАТ АЙМАГЫНА СКВЕР УЮШТУРУЛУУДА

Нарын шаарынын Интернат чөлкөмүнүн жашоочулары үчүн, сейил бак уюштурулуп, бүгүнкү күнү айланасы тосулуп, ички жасалгалоо жумуштары башталды. Бул сквер үчүн шаардык бюджеттен 971 миң сомго тендер жарыяланып, жергиликтүү “G&A компани” аталышындагы ишкана тарабынан белгиленген иштерди аткаруу жүрүп жатат. Куруу иштеринин алкагында аллея салынып, отургучтар жана балдар ойноочу жабдуулар орнотулуп, жашылдандырылат.

Толук окуу

Share

1-ИЮНЬ БАЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА  ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

1-Июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын шаардык мэриясында ачык эшиктер күнү уюштурулду. Шаарыбыздагы 8 орто мектептен мектеп парламентинин мүчөлөрү мэрия  жана шаардык кеңештин иши менен жакындан таанышып, шаар жетекчилиги менен баарлашышты. Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин ар бир кызматкери өз милдетери жана учурда шаарыбыздын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүгө…

Толук окуу

Share

ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА  ТАТТУУ БЕЛЕКТЕР ТАРАТЫЛДЫ

Нарын шаардык мэриясы 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдү үйлөрүндө майрамдатып, таттуу толгон баштыктарды тапшырды. Белектерди вице-мэр Назира Жумакадырова социалдык коргоо кызматкерлери жана жомок  каармандары менен биргеликте үйлөрүнө жеткирип берүүнү уюштурган. Мындай белектерден 42 даана даярдалган.  Бул үчүн шаардык бюджеттен 21 миң сом бөлүнгөн.…

Толук окуу

Share