ЖААГАН ЖАМГЫРДАН УЛАМ АК КОРГОН АЙМАГЫНДА СЕЛ ЖҮРҮП, АБАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТТЕРИ КӨРҮЛҮҮДӨ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жана Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев тийиштүү кызматтар менен бирге селден жабыркаган жашоочулар менен жолугушуп жаз-жай мезгилиндеги сел каптоо коркунучтарын жөнгө салуунун жол жоболорун талкуулашты. Нарын шаарынын Ак коргон аймагында кечөө, 5-август кечинде жааган жамгырдан улам сел жүрүп, тоодон түшкөн суу Тамчы Булак жана…