РТС ЧӨЛКӨМҮНҮН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУ ИШТЕРИ БАШТАЛАТ

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров РТС чөлкөмүнүн “Керме тоо”, “Ак өргө” көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуп, аймактын инраструктурасын жакшыртуу үчүн иштер жакынкы күндөрү башталаарын билдирди. Ал белгилегендей аймактын айланасы тосулуп, балдар ойноочу жай катары уюштурулуп, көчөттөр тигилип, ички көчөлөр жарыктандырылат. Бүгүнкү күнү, бул чөлкөмдө топурактан кирпич куюп сатып каражат тапкан…