Ж. ТЫНЫМСЕЙИТОВА КӨЧӨСҮ ОҢДОЛУП АЧЫЛАТ

Нарын шаарындагы Жумакан Тынымсейитова атындагы көчөсүнө баллас төгүлүп, атайын техникалар менен түздөлүп жатат. Ички жолду оңдоого Таза Нарын, суу канал жана жылуулук ишканаларынан атайын техникалар тартылып, күйүүчү майы демөөрчүлөрдүн эсебинен куйулду. Буга чейин бул ички жол жабылып турган жана ондоп, ачып берүү боюнча жашоочулар Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевге кайрылышкан.…