АК КОРГОН АЙМАГЫНА СЕЙИЛ БАГЫ САЛЫНУУДА

Нарын шаарынын Ак Коргон аймагына жаңы сейил багы түптөлүүдө. Ак Коргон аймагына жергиликтүү жашоочулар эс алуучу жай салуу максатында 2160 чарчы метр жер аянты бөлүнүп, айланасы жергиликтүү бюджеттен 236 миң 500 сомго темир тосмолор менен тосулуп жатат. Жумушчу күчү Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынан тартылган. Бул жерге жакынкы аралыкта тротуар салынып,…