Нарын шаарынын мэри Р.Адиев шаардын чɵлкɵмдɵрүн кыдырып, эл менен жолугушууда.

 

IMG_9601 IMG_9607 IMG_9617 IMG_9622 IMG_9695 IMG_9747 IMG_9779 IMG_9795

Нарын шаарынын мэри Р.Адиев шаардын чɵлкɵмдɵрүн кыдырып, эл менен жолугушууда. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Алгач шаар башчысы ар бир аймактын жашоочуларына 2015-жылы шаарда аткарылган жана алдыда жазала турган иштер боюнча маалымат берип, ар бир чɵлкɵмдɵрдɵ ɵткɵрүлүп жаткан жолугушуулардын негизги максаты -кɵйгɵйлɵрдү угуу, аларды чечүүнүн жолдорун издɵɵ экендигин белгиледи. Мындан сырткары, мэр ар бир аймакта жасалган иштерге кененирээк  токтолууда.

Шаар мэринин эл менен болгон жолугушууларына Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов да катышып, облус аймагындагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер жɵнүндɵ маалымат берүүдɵ.

РТС, Москва, Борбордук чɵлкɵмдɵрдɵ ɵткɵн жыйналыштарга шаар тургундары активдүү катышып, суроолорун берип, сунуш-пикирлерин калтырышты.

Жыйындын жүрүшүндɵ шаардын тазалыгы, таза суу, канализация, жол маселелери, мыйзамсыз курулуштар боюнча кɵйгɵйлɵр бар экендиги айтылды. Белгилей кетсек, 2016-жылдын 5-февралынан 12-февралына чейин Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин алты аймакта эл менен жолугушуусу жүрүүдө.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий