Апрель Элдик революциясына 6 жыл

Нарын шаарында Апрель Элдик революциясынын күнүнѳ карата курман болгондорду эскертүү митинги болуп ѳттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сѳз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Алгач облус, шаар, район жетекчилери, апрель окуясынын баатырлары жана катышуучулары, атчан көк бөрүчүлөрдүн тобу борбордук аянттан митинг өтүлүүчү Тянь-Шань паркына чейин муңдуу күүнүн коштоосунда жүрүш жасашты. Митинг 7-апрель баатырларына арналып тургузулган эстелик астына гүл чамбарларды коюуу менен башталды.

Эскерүү митингди Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачты. Мэр өз сөзүндө, биз курман болгон баатырлар эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн ɵлкɵнү курууга  милдеттүүбүз жана ошол эр азаматтардын жаркын элестерине таазим этип, шаарыбызды, ɵлкɵбүздү ɵнүктүрүүгɵ, биримдикти бекемдɵɵгɵ, ынтымакты чыӊдоого татыктуу салымыңыздарды кошууга чакырамын деп, тынч, берекелүү заман, бакубат турмуш каалап өттү.

Андан соӊ курман болгон баатырлардын арбагына куран окулуп, кийинки сѳз ѳкмѳттүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Аманбай Кайыповго берилип, облус башчысы “Элдин жаркын келечеги үчүн баатырларча курман болушуп, мамлекетти сактап калуу менен чыныгы демократияга карай жол ачып кетишти. Алардын жаркын элеси  биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашайт жана  эрдиктери эч качан унутулбайт”деди .

Ошондой эле сөз алып сүйлөгөн апрель баатырлары, катышуучулары ошол каргашалуу 2010–жылды кайгыруу менен эскеришип, бул күн элибиздин эркиндикке жете ала тургандыгын тастыктаган кун катары тарыхта калып, өсүп келе жаткан муун 7-апрелди кубанычтуу күн катары белгилеп калаар деген үмүт-тилектерин билдиришти.

Митинг-реквиемге улай маданият үйүндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяны чагылдырган кыска метраждуу фильм, театрлаштырылган программа жана сүрөт көргөзмө сунушталып, Нарын шаардык мэриясында атайын апрель окуясынын баатырларына жана катышуучуларына сый-тамак берилди.

Мындан сырткары бул даталуу күндүн урматына карата облус башчысынын кубогу үчүн Кур-Терек ат майданында ат оюндары боюнча мелдеш өттү.

IMG_3349 IMG_3346 IMG_3342 IMG_3332 IMG_3334 IMG_3344 IMG_3339 IMG_3330 IMG_3326 IMG_3323 IMG_3308 IMG_3319 IMG_3322 IMG_3302 IMG_3306 IMG_3294 IMG_3291 IMG_3288 IMG_3283 IMG_3281 IMG_3274

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

IMG_3350

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий